Чүй облусунун Аламүдүн районунда Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган ат чабыш оюндары кечээ, 20-октябрда соңуна чыкты. Ага облустун бардык райондорунан келген командалар катыша алышты.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, аламан байгени Сокулуктун Күн-Туу айлынан келген Нурбек Арыкбаевдин күлүгү жеңди. Ага 5 миң долларлык “Мерседес” автоунаасын тартуулашты.
Көкбөрүгө 4 команда катышты: 1-орун – Аламүдүн району – 250 миң сом, кубок, медалдар, ардак грамота, 2-орун – Жайыл району – 125 миң сом, медалдар, ардак грамота, 3-орун – Сокулук району – 75 миң сом, медалдар, ардак грамота, 4-орун – 50 миң сом, ардак грамота алышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ