Menu

Малик Осмонов, коомдук ишмер: “Манастын Сыргагындай Тазабек”

Бөлүшүү:

– Малик аке, депутат Тазабек Икрамов сиздин көз алдыңызда чоңоюп өсүптүр. Ал тургай депутат болушуна да сиздин түздөн-түз таасири бар дешет. Кеп башын ушундан баштасак?

– Биздин элде эркек баланы “шок бол, шок болбосоң жок бол” деп осол бирок турмуш чындыгына жакын сөздү айтышат. Мен муну мындайча чечмелейт элем. Эркек баланын кичинесинде шоктугу бул лидерлик сапатынын ойгонушунан кабар берет. Турмуш тажрыйбамда шок балдардын келечекте чоң лидер болгон фактыларын көп көрдүм. Албетте, балаң тартиптүү, эч кимге зыяны жок өссө өзүңө жакшы, жаныңа тынч болот. Бирок алар келечекте көптүн бири катары чоңоюп калышат экен. Тазабек да сөз башында айткандай шок бала болуп чоңойду. Шок бала классикалык үлгүсүндө дээринен лидер, өз айтканын бербеген кежир, намыскөй, таламын талашкан феномен болуп калат экен. Тазабекте дал ушул сапаттар бар. Мен Тазабектин алтынчы классында көрүп эле келечегин билгем. Ал учурда күрөш боюнча Жалал-Абад областында машыгуу залдары башка региондорго караганда аз болуп, спорттун бул түрүнө анчейин көңүл бурулчу эмес. Ага карабай ошол кездеги өспүрүмдөр машыгууларын токтоткон жок. Лидер, тырышчаак баланы тегеректегендер көп болгондой эле, аз убакыттын ичинде Тазабектин айланасында жаш өспүрүмдөр топтолуп, күрөш менен жигердүү машыккан балдар пайда болду. Тазабек алардын башын кошуп, жаман адаттан, жаман өнөрдөн алыстатып, бар дитин спортко койдурду. Канчалаган өспүрүм курактагы балдарды жаман жолдон сактап калды. Ошону менен жүрүп акыры кыргыз күрөшү боюнча республиканын чемпиону да болуп, турмуштун айынан тириликке кирип кетти. Тирилик дегенибиз эле ал кездеги кыйын заман, спортко мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулуусу болбой, ар ким өз киндигин өзү кесип, жашоо шарттын айынан үй-бүлөнү багуу үчүн жанталашмайга өтүштү. Көпчүлүк жаштардай эле Тазабек да Россияны кыдырып иштеп, бирин-экин тапкан тыйынына бизнес кылып, тапкан пайдасын биринчи элге, андан кийин спортко бөлө баштады.

– Тазабек Икрамович айтылуу Тапанча палван Ибрагим Узаковдун да шакирти деп айтып жүрүшөт?

– Ал айтылуу Тапанча палван Ибрагим Узаковдун шакирттери миңдеп саналат. Алардын бири Тазабек. Ибрагим Узаков Кыргызстандын жыйырма жети жолку чемпиону. Ал көрсөткүчтү эч ким кайталай элек. Ал айтылуу палван шакирттеринин көзүнөн эле карап ким болоорун билип койчу. Тазабектин табиятынан зээндүү, тырышчаак, намыскөй экенин билип, андан келечекте олимпиада чемпиону чыгат деп жүрчү. Ал гана эмес, спортту, дайым ала жүргөнгө дүйнөлүк чемпион чыгаарына мен деле ишенет элем. Тилекке каршы, спорт жаштыкты сүйөт. Жаш өткөндө спортто калуу кыйын. Анын үстүнө ошол кездердеги турмуштук кырдаал Тазабекти чемпиондукка эмес, тириликтин түйшүгүн тартууга жетеледи. Мен ушуга байланыштуу бир окуя айтып берейин. Тазакем ишкерлик кылып, иши жүрүшүп турганда бир күнү мага келип: “Малик аке, сиз менен кеңешейин деп келдим. Сузактын айлампа жолунун дал ортосуна устатым Тапанча палван Ибрагим Узаковдун эстелигин коеюн, каражатын өзүм табам” – деп келди. Бул демилгесине ийгилик кааладым. Аракет кылып, бардык маселени чечип койгондо ал эстеликтин ачылышына тоскоолдуктар болду. Кийин ачылбай калды. Эгер андай болбогондо, легендарлуу палвандын эстелигин Тазабек тургузуп коет эле. Кийин тапкан акчасын спортко, жаштардын билим алуусуна, элдин муктаждыгына жараша жардам берип, Тазабек элдин назарына тез эле түштү. Бир күнү чакырып алып үкөм, кыркында жигит кылыч шилтейт, ушул жашыңда элге эмгек жасап калбасаң сен анда кийин эч нерсенин өтөөсүнө чыкпайсың. Депутаттыкка кой. Депутат болуп элдин көйгөйүн чеч деп айттым. Ал кезде мен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты элем. Алгач бул сунушту укканда Тазабек так секирип, “Аке, ансыз деле элге кызмат кылып келем. Берчү жардамымды мындай эле берип жатам. Депутат болбойм” – деп
чыкты. Ошондо мен сен депутат болушуң керек. Азыр сендей намыстуу жигиттер керек болуп жатат. Кийин кеч болуп калат. “Кыркыңда кылыч чаппасаң, элүүңдө кыйратпайсың” десем, ойлонууга уруксат сурап кетип, бир топ убакыттан кийин макулдугун берди. Элдин назарынан өткөн элек барбы? Ошол чөлкөмдө эң көп добуш алган Тазабек болгон.

– Тазабек мырзанын мүнөзүнүн калыптанышына сиздин салым чоң тура?

– Мен бул жигитти Улуу Манас баяныбыздагы Эр Сыргактын образына салыштырам.

“Кундагындай жарактын,

Кубанычы Манастын.

Сүмбөсүндөй жарактын,

Сүймөнчүгү Манастын” деп улуу эпосубузда Эр Сыргак атабыз сүрөттөлөт. Мен ушул саптарды эстеген сайын Тазабекти ойлоп коем. Мен кээде ичимден өкүнөм. Эгерде Тазабектин өспүрүм кезинде мамлекет азыркыдай спортко көңүл бурганда, ал сөзсүз олимпиада чемпиону болмок. Айттым го, кара жанын эмес элди багам, спортту өстүрөм деп жүрүп, Россиялады, бизнес кылды, тапканын элге бөлүштү. Кудайга шүгүр, азыр да жаман болгон жок. Туу саяр жигиттерибиздин бири болду. Өзүнө команда топтой алды. Элге жарыгы тийип жатат. Анан да бир нерсени айтайын. Элге же спортсмендерге жардам берген эле сапат жетиштүү эмес. Адам ириде адилеттүү, намыскөй болушу керек. Мына ушул сапаттар Тазакемде бар.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: