Баягыл 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөк алдында калган окуядан кийин коомдо айдоочуларга нааразычылык күчөп, мэрия алардан жол эржесин боюнча экзамен алууну туура көргөн. Бул тууралуу 21-октябрда Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-11-октябрда Бишкектин жүргүнчүлөрдү ташуу автоунаа ишканасында айдоочулар жол эрежесин сактоо жана муниципалдык унааны техникалык жактан тейлей билүү боюнча тест тапшырышты. Биринчи экзаменде 343 айдоочунун 188и тийиштүү балл ала албай коюшкан. 24 айдоочунун себеби болуп, экзаменге катышкан эмес. Өтпөй калгандарга кайра тапшырууга уруксат берип, бардыгы өтүп кетишкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ