Сокулук РИИБнин башчысы катышкан жол кырсыгын УКМК иликтейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн материалын толук жана объективдүү тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлдү.
Буга чейин биз Сокулук РИИБнин башчысы М.Чойбеков катышкан жол кырсыгынын тергөө иштери аягына чыкканча кызматтан бошотулганын айтканбыз.
Учурда ички иликтөөлөр кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Ошондой эле баардык керектүү соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки иш жүрүүдө.
Эске салсак, 7-декабрда милициянын полковниги Максат Чойбеков Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жол кырсыгына кабылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ