Menu

Видео – Сабыр Бекбаев, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жарнама жана коопсуздук боюнча адиси: «Комбинатты жабуу менен депутаттар канча кишинин убалына калып, жумушсуз калтырууда»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-октябрда Кара-Балта тоо-кен комбинатынын кызматкерлери: Максим Савосин, Сабыр Бекбаев, Алмаз Алишеров, Жанна Зимукова, Өмүрбек Касымбеков 24.kg агенттигинде  маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар Жогорку Кеңештин депутаттары кенди (уран, торийди) казып алуу жана аны кайра иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууда шашып жаткандарын баса белгилеп, аны токтотуп турууну депутаттардан суранышты.

Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жетекчисинин орун басары Максим Савосиндин айтымында, аталган комбинат  65 жылдан бери тынымсыз иштеп келет жана калдыктарды сактоочу жай совет маалында эле пайда болгон. Ошон үчүн комбинатты жабуунун кажети жок жана ал эч кандай элге зыян алып келбейт, мамлекетке пайда гана алып келет. “Эгер депутаттар шашылыш мыйзам долбоорун кабыл алып койсо, анда комбинат толугу менен жабылып калышы ыктымал, Андан көрө алар комбинатка барып кандай иш алып барып жатканыбызды жана комбинат кандай иштеп жатканын өз көздөрү менен көрсө жакшы болмок. Көрбөй туруп шашылыш мыйзам долбоор кабыл албай турууларын депутаттардан суранат элек”,-дейт М.Савосин.

Аталган комбинатта 20 жылдан бери иштеп келаткан жарнама жана коопсуздук боюнча адиси Сабыр Бекбаев бир да депутат бир да жолу комбинатка басып барбаганын баса белгилеп, депутаттар кабинетинен чыкпай эле чечим чыгарып, канча деген элди жумушсуз калтырып жатканынына нааразы болгонун айтты. Ал өзгөчө депутат Алманбет Шыкмаматовдун атын атап ачууланды. «Шыкмаматов деген депутат эмгек сиңирген юрист дейби ай, ошол комбинаттын абалын билбей туруп эле парламентте кыйкырып сүйлөп жатат. Дегеле биздин комбинатка бир дагы депутат басып келип, абалын көргөн эмес, абалын көрүп, анан сүйлөшсө жакшы болмок. Ошол жакта иштеп жаткан элдердин тагдырын ойлобойт булар, канча деген адам жумушсуз калат, эгер комбинат  жабылса.  Мен ойлогом депутаттар калыс чечим чыгарат деп. Союз убагынан бери иштеп келаткан комбинатты 5-6 эле депутат чечип жатканына жиним келип жатат”,-дейт С.Бекбаев.

Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыгып, жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам, өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон, президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан. Парламент болсо «кен иштетилбесин» деген токтомун кабыл алган. Депутаттар 10-октябрда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун парламентте карап, экинчи окуудан өткөрүп, кабыл алышкан. Мыйзам долбоорун “Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Бол» фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков иштеп чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: