Menu

Кыргыз эл артисти Керим Турапов 0, 26 гектар жер тилкесинен ажырадыбы?

Бөлүшүү:

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, Кыргыз эл артисти, ырчы Керим Тураповдун жер тилкеси боюнча иши жана «Пегас Ала-Тоо» компаниясы жер ижарасы үчүн 19,5 млн сом төлөп берүүгө милдеттүү болгону тууралуу бүгүн (21-октябрда) белгилүү болду.

Мындай сумманы төлөп берүүгө милдеттендирилген чечимди Бишкек шаардык соту 14-октябрда чыгарган. Бишкек мэриясы аталган сумманы Токомбаев көчөсүндөгү 0,26 гектар аянты бар жер тилкесин пайдаланганы үчүн «Пегас Ала-Тоо» компаниясына төлөтүү максатында сотко кайрылган.

Ал эми иштин чоо-жайына азыноолак токтоло кетсек, 2007-жылдын 17-августунда Бишкек шаар мэриясынын токтому менен Кыргыз эл артисти Керим Тураповго 0,26 га жер үн жазган студиясы бар вокалдык мектеп куруу үчүн 49 жылга ижарага берилген. Бирок, Керим Турапов тынчтык келишимдин шарттарына ылайык, ал жер тилкесин пайдаланууга “Пегас Ала-Тоо” компаниясына өткөрүп берген, 2017-жылдын 20-декабрында Бишкектин Жер ресурстары башкармалыгы “Пегас Ала-Тоо” менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүү келишимине кол коюшкан. Анда ал жер тилкесине социалдык, маданият жана тиричилик объектилери бар көп кабаттуу үй куруу каралган.

2018-жылы 19-январда мэриянын жер берүү комиссиясы ал келишимге өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алат. Ошентип 2018-жылы 25-январда «Пегас Ала-Тоо» компаниясы менен Жер ресурстар башкармалыгынын ортосунда кошумча келишим түзүлөт. Бирок кийин жер тилкесин ижарага алган тарап ижара акысын төлөбөй койгон. Натыйжада, минтип иш сотко да жетип, мэрия утуп алды.

“Пегас Ала-Тоо” компаниясы 2017-жылдын 28-августунда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси – Альбина Базаркулова Найзабекова, ээси – Акташ Орхан.

Эске сала кетсек, Керим Турапов Бишкектин “Түштүк дарбазасы” жактан 0,2,6 гектар жер тилкесин 2008-жылы мыйзамдуу жол менен сатып алганын, Түркиядан инвестор таап, кабат үй салдырып, биринчи кабатында вокал мектебин ачууну көздөгөнүн айткан жана айтып келет.  Бул тилкенин бөлүнүшү мыйзамсыз болгонун прокуратура органдары айтып чыккандан кийин, соттук териштирүүлөр болуп, Жогорку Сотко жеткен, алар “жерди мыйзамсыз ээлик кылган” деген чечим чыгарган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: