Menu

Депутаттык орундар сатылып баштадыбы?

Бөлүшүү:

Бул тууралуу саясат таануучу Денис Бердаков: «Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоолор өтөт. Мага орун сунушташты. Өтө кымбат жыргалчылык экен, көрсө. Медиалык инсан катары, андан башка жаштар жана улуттук квотамды эске алып, жеңилдетүүдөн кийин партиянын кассасына 350 миң доллар төлөөм керек экен», – деп жазган Бердаков соцтармактарда.

Эске сала кетсек буга чейин ЖКнын депутаты Дастан Бекешев өзүнүн жеке сайтына Кыргызстандагы маалымат булактарына берген маегин жайгаштырды. Анда ачык эле алдыдагы шайлоолор, мандат тууралуу маек кылган. Ал гана эмес өзүнүн кесиптештерин тамаша алып “Бул жер миллионерлер клубу” деп айткан. Журналисттин “шайлоодо депутаттык мандат 100 миң доллардан, 500 миң долларга чейин болот дешет” деген суроосуна, “100 миң, бул сиздин эски маалыматтарыңыз экен” дегени таң калыштуу болду. Бекешев андан аркы сөзүндө алдыңкы ондуктар 300 миң доллардан кем болбосун, алардан да жогорку орундуктар ал турсун 1 млн. долларга чейин бараарын ачык эле айтыптыр. “Ар кимдин күткөн байлыгына жараша бааланат, кимде завод-пароход бар, ал андан да жогорку акчаларга бааланат” – дейт Бекешев. “Анан бул акчаларды алар кантип акташат?” деге суроосуна Бекешев, “кеп акчада эмес, алар ал жерге өздөрүнүн бизнесин коргоо үчүн барышат” дейт. Саясат таануучунун айтымында ал эч качан ЖКте иштөөнү пландаштырган эмес.

«Мен буга чейин парламентке барууга ниет кылган эмесмин. Бирок, мындай иш болуп жатса жана экологиялык жана коррупцияга каршы мыйзамдарды сүрөгөнгө мүмкүндүк пайда болсо… Фейсбуктан минтип сураганга даярмын: Карапайым киши 350 000 АКШ акчасын кайдан таба алат? Таанышым 35 000 жарандардан 100 доллардан чогултууну сунуштады. Менимче, бир аз фантастикалуу. Бирок, краудфандинг идеясы мага жагат. Депутаттардын айлыгы канча эле? Айына 1500 болуш керек эле. Ошондо 5 жылда 90 000$»,- деп ойго түштү эксперт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: