Алмазбек Атамбаевди байкелеп, Кой-Таштагы хан сарайына кайра-кайра концерт уюштуруп жүргөн тарапташы Алга Кылычтын абактагы мөөнөтү (9-декабрга чейин) узартылды. Бул тууралуу бүгүн (22-октябрда) Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 9-августта Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Кыяз Исмаилов кармалган. Алардын баш коргоо чарасы 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотуна каралып, камоо чечими чыккан.
7-8-августта, Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин хан сарайында кармоо операциясы жүргөн. Атамбаевдин тарапташтары чыр чыгарып, бир топ адамдар жаракат алып, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Башынан оор жаракат алган Чүй ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов эки жолу операция болгон. Учурда Москвада дарыланууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ