Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өздөрүн Кудай санагандарга шашылыш түрдө чара көрүүгө чакырды.
“Чыгып алышып, өздөрүн Кудай санап жатышат. Анан басма сөз жыйынын өткөрүп, Кудай жок дешет. Дин боюнча мамкомитет менен муфтият чара көрүүгө милдеттүү. Эмнеге алар өздөрүнүн түшүнүктөрүн жайылтып жатышат, мындай адамдарга эмнеге чара колдонулбашы керек? – деди ал.
Өгүнү коомдук ишмер Арстан Алай басма сөз жыйын өткөрүп, өзүн – Кудай деп, Аалам менен байланышы бар экенин айткан. Көп узабай милиция ага карата кылмыш ишин козгогон. Андан кийин Арстан Алайдын тарапташтары өздөрүн Кудай аташып, аларга да кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ