Menu

Сапар Исаков сотто прокурорду колдосо, Жантөрө Сатыбалдиев капитанды тартипке чакырып коюну суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-октябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБнин модернизациялоо боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдорго карата кылмыш иши каралып жатат. Бүгүнкү соттук отурумга Отун-энергетика комплексин жөнгө салган мамагенттиктин эксперти Бектеналы Эгемберди күбө катары келип, суралып жатат.

Экспертке буга чейин О.Лаврова суроо берип, жообуна ыраазы болгон эмес. Айыпталуучу Назаров да нааразы болуп: “Мен эмне дептирмин? Эмне эле мага асылып жатат?”. – деди. Прокурор ага эмес, сотко кайрылып жатканын айтты. Сапар Исаков прокурорду колдоорун билдирсе, “Бул капитанды тартипке чакырып коюңуз”, – деди Ж.Сатыбалдиев.

“Ал өзүн түз эле алып барууда. Болгону өз ишин кылып жатат”, – деди сот айым.

Аңгыча А.Калиев өз баасы 3 сом турган иштелип чыккан электрэнергиясын ЖЭБ кандай баада сатып жатканына кызыкты. Жообун укпастан, А.Калиев компаниялар үчүн 2,24 сом деп коюлганын айтты.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: