18-октябрда Бишкектен 8 жыл издөдө жүргөн, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 24-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад облусунун тургуну, 1980-жылы туулган М.А. 2011-жылдан бери “Терроризм актысы” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары каралып келген. Ал өз шериктери менен Кыргызстандын аймагында теракт жасоо аракетин көрүшкөн.
“2011-жылдын октябрында УКМКнын атайын операциясы мененОш облусунун аймагында уюмдун анабашы жоокерлер тарабынан өлтүрүлгөн, калгандары кармалып, ар кандай мөөнөткө кесилишкен. Ал эми М.А. качканга үлгүрүп калган”.- деп айтылат УКМК маалыматында.
19-октябрында Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карап, кылмышка шектүү киши 2 ай облустагы УКМКнын СИЗОсунда кармалмай болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ