2015-жылы коррупция беренеси соттолгон Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов өзүн мөөнөтүнөн мурда бошотууну сурады. Эки жыл мурун Ахмедовдун түрмө жазасы баш боштондугун чектөө менен алмаштырылган болчу.
Мурдагы премьер-министрдин доо арызы 25-октябрда карала баштады.
– Серик Ахмедов чыгымды толугу менен төлөдү, мыйзам бузган жок. Мөөнөтүнөн мурда бошотуунун бардык критерийлери сакталды. Аны негизги жана кошумча жазадан бошотууну, беш жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салуу тууралуу чектөөнү алып салууну сурайбыз ,– деди адвокат Николай Лесник.
Прокуратура өкүлү Ахметовдун өтүнүчүн орундатууга каршы болду.
Сот өкүмү жергиликтүү убакыт боюнча 15:00дө чыгат.
Ахметов коррупция боюнча айыпталып, 2015-жылдын декабрында 10 жылга абакка кесилген. Ал башында өзүнө коюлган айыпты четке каккан эле.
Бирок 2016-жылы күнөөсүн моюнуна алып, кечирим берүүнү сурагандан кийин жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылган.
Ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев жарыялаган мунапыска ылайык, Ахметовдун жаза мөөнөтү 2018-жылы январда да бир жыл жети айга кыскартылган. Ал эми 6-сентябрда Казакстандын Караганда облусундагы сот мурдагы премьердин абак мөөнөтүнүн калганы шарттуу кесүү – “эркиндигин чектөө” менен алмаштырылат деген чечим чыгарган.
Серик Ахметов 2012-2014-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ