Menu

Нарындагы Арсы айылына 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бөлүшүү:

Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы 150 орунга ылайыкташкан мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, мектептин ачылышына билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышып, окуучуларды жакшы билим алууга үндөп, курулушка салым кошкон демөөрчүлөргө, жергиликтүүлөргө ыраазычылыгын билдирген.

Арсы айылында 145 түтүндөн ашык эл жашайт. 2019-2020-окуу жылында Арсы орто мектебине 138 окуучу билим эшигин аттады. Мектептин ашканасы 60 орунга мерчемделген.

Арсы орт мектебинин мурдагы имараты ашар жолу менен 1960-жылы курулган. 2016-жылы Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектеп авариялык абалда деп табылган. Жаңы мектептин курулушу “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун программасы менен өткөн жылы ноябрь айында башталып, фонд тарабынан 120 миң, Кувейт мамлекетинен 100 мин АКШ доллары бөлүнгөн. Жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев 20 миң доллар өздүк салым кошкон. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик 250 миң, Кочкор коомунун өкүлү 260 миң сом кошумча каражат берген.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: