Menu

Суусамырдын алтынына кимдер кызыкдар?

Бөлүшүү:

“Жаңы Ордо” гезитинин редакциясына Чүй областынын Панфилов районунун тургуну А. Абдыраева арыз менен кайрылган. Арызда аталган райондун Орто айыл аймагынан алтын кенин иштетүү боюнча берилген жер аянтынын мыйзамдуулугу боюнча кылдат иликтөө жүргүзүп, мыйзам бузган кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козготууга көмөктөшүү жана журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгын жалпы коомчулукка жарыялоо өтүнүчү айтылган.

Арыз ээси тарабынан төмөндөгү талаптар коюлган:

— Орто айылдык кеңешинин 18.06.2016 ж. 96-токтомунун мыйзамдуулугун иликтеп чыгууну;

— Тендер өткөрүү маселелерине байланышкан иштерди;

— Айыл өкмөтү менен “Токойлуу-Ата” компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарынын аткарылышын;

— КРнын Жер казынасы боюнча Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алтынды мыйзамсыз казууга бөгөт коюу керек болчу. Беш-алты адам менен айылдык жыйын өткөрдүк, — деп алтын казууга уруксат берген протокол түзүшкөн. Жыйынга катышты делинген адамдардын жана протоколдун аныктыгын текшерип чыгууну;

Арызга тиркелген материалдарга караганда, А. Абдраева сөз болуп жаткан “Токойлуу-Ата” компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча буга чейин прокуратура органдары жана КРнын Коопсуздук кеңешине кайрылгандыгы көрүнүп турат. Анткени, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 19.09.2019-жылдагы № 04–3/11636 сандуу жооп катында мындай деп көрсөтүлөт:

“…КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын 2019-жылдын 26-августундагы № А‑6262 тапшырмасына ылайык, А. Абдыраеванын кайрылуусун карап чыгып, төмөнкүнү билдирет:

Токойлуу-Ата компаниясына Верхнетокойлинская аянтында чачыранды алтынга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында берилген 2879 АР лицензиясы Комитеттин алдындагы жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо боюнча Комиссиясы тарабынан 2018-жылдын 2-февралында жокко чыгарылып, материалдар Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына берилген. Лицензиянын жокко чыгарылган себеби, Компания тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жана ошол эле берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктун бузулгандыгы болгон”.

Ал эми КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 18.09.2019-жылы А. Абдраевага жана Панфилов райондук прокуратурасына берген жооп катында:

“…Орто айыл өкмөтүнө “Токойлуу-Ата” ЖЧКсы 22.02.2016-жылы арыз менен кайрылган. Бул арыз айыл өкмөттүн арыздарды каттоо китебине 22.02.2016-жылы № 10 “а” саны менен катталыптыр. Бирок арыздарды тиркеген папкада бул арыз жок болуп чыкты. Арызды ошол убакта иш кагаздары боюнча катчы Алтыкеева К. каттаган. 2016-жылдын 22-февралы менен айыл өкмөттүн № 7”а” чечими “Об отводе земельнего участка вСуусамыре урочище “Токойлуу” чыгарылган жана ушул чечимде Орто айылдык Кеңешинин 96/6–3 токтомуна жана № 2697 АЕ лицензияларга негиздеме келтирилген…

Ал эми Орто айылдык кеңешинин 39-сессиясынын №96 “Суусамыр өрөөнүндөгү Орто айыл аймагына караштуу ОсОО “Токойлуу-Ата” компаниясынын алтын кенин иштетүү боюнча арендага жер аянтын берүү” токтомдору 18.02.2016-жылы чыккан”

Көрүнүп тургандай, 2016-жылы 22-февралда “Токойлуу-Ата” ЖЧКсы арыз менен кайрылып жатса, Орто айыл өкмөтү негедир ага чейин, т. а. 18.02.2016-жылы (4 күн мурда) жерди алтын кенин иштетүү үчүн арендага берип жиберип жатпайбы?! Экинчиден, Токойлуу-Ата компаниясына берилген 2879 АР лицензиясы 2018-жылдын 2-февралында жокко чыгарылып жатат. Андан бери 9 ай убакыт өттү. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бул багытта кандай иштерди аткарып, эмнелерди иликтеп чыкты?..

Бул суроолорго жоопторду газетанын келерки сандарында жарыялайбыз!

Даярдаган М. Жаркулов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: