Бишкекте Горький, Тыныстанов, Кулатов, Панфилов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө газ эки күн болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу 30-октябрь, 1-ноябрда 342 абонент көгүлтүр отсуз калат. Ыңгайсыздык үчүн “Бишкек газ” ишканасы Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ