Menu

Канат Исаев Ширин Айтматованы сотко берет

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев анын аты аралашкан Токмок шаарында сатылып кеткен китепкана боюнча, “Үмүт 2020” кыймылы жасаган иликтөөгө байланыштуу кыймылдын жетекчиси Ширин Айтматованы сотко бере тургандыгын жар салды.

Бул тууралуу ал 28-октябрда “Азаттыкка” маегинде билдирип, ал мэр болуп турганда сатылды делген китепкананын чоо-жайы тууралуу айтып берди: “- Мен Токмок шаарын башкарып турганда биз китепкананы саткан жокпуз. Биз мурунку китепкананы саттык. Мыйзам боюнча китепкананы сатканга тыюу салынган. Ал эми 2008-жылдын 13-мартында мага чейинки мэр Арзымат Сулайманкуловдун кайрылуусу менен Токмок шаардык кенеши китепкананы маданий имараттардын тизмесинен чыгарып жатат. Ошол эле токтом менен шаардык кенеш 2-пункт менен менчиктештирүүгө кете турган имараттарды аныктап, анда «мурунку китепкана» деп турат. Мен Токмок шаардык кеңешинин токтому чыккандан кийин жарым жылдан соң мэр болуп бардым. Демек, мен китепкананы саткан жокмун. Мурунку китепкананы сатып атам”.

Ал сатылып кеткен мурдагы китепкана тарыхый архитектуралык баалуулуктардын тизмесине кирбегенин, ал сотто да аныкталганын билдирди. “Үмүт 2020” кыймылы тараткан видеотасмада айтылгандарды “курулай ушак” деп, Айтматованы сотко берерин жана элге таркаган ал маалыматтар жалган экенин далилдей турганын кошумчалады.

“Үмүт 2020” кыймылы 26-октябрда “Канат Исаевдин китепкана иши” деп аталган 15 мүнөткө жакын иликтөөсүн жарыялаган. Анда Токмок шаардык кеңеши 2008-жылдын 13-мартында, 1912-жылы Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылган китепкананы башка категорияга которуп салганы айтылган.

Кийин 2010-жылдын 9-апрелинде Токмоктун ошол кездеги мэри Канат Исаев аянты 550 чарчы метр китепкананы 572116 сомго сатып жибергени сөз болот. Айтматова Исаев шаардагы бирден-бир архитектуралык имаратты сатып жибергенин айтып чыккан. Андан тышкары ошол учурда шаардык бийликте отурган бир катар жетекчилердин да аты аталган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: