Menu

Кубанычбек Исабеков, экс-вице-спикер: “Өткөн жылы өлкөбүздө 11 адам жынысын өзгөрткөн…”

Бөлүшүү:

-Кубанычбек мырза, коомчулукта бир жыныстуу нике тууралуу маселе көтөрүлүп, ал тургай алар да эркин жашоого акысы бар экенин билдире башташты. Кыргызстанда буларды толугу менен түшүнүп колдоо керекпи же тыюу салуу зарылбы?

– Биз батыштын мына ушундай жаман жактарын эмес, жакшы жактарын үлгү алышыбыз керек. Ачыгын айтсам, бул маселе мени да ойлонтчу болду. Менин оюмча бул маселени көңүл тышында калтырбай көңүл буруу керек.

2018-жылы өлкөбүздө 11 адам жынысын өзгөрткөн. Мен муну жаратылыш менен адамзат тарыхынын ортосундагы талаш-тартыш катары кабыл алам. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде тыюу салуу керек. Себеби, бул келечекте коомдогу чоң талаш-тартышка алып келиши мүмкүн. Бул маселеде биз көйгөй көрбөй калдык. Алар азыр коомчулукка ачык чыгып, плакаттарды көтөрүп жүрүштөргө чыгуулары бир жыныстуу никелерге алып келип жатат. Бул терс көрүнүштөр ислам, христиан жана башка диндерге да каршы келет. Бир жыныстуу никеде кантип бала төрөлөт? Алар кантип баланы асырап алышат? Бала алардын кайсы бирин апа же ата деп айтат?

Европа өлкөлөрүндөгү антибиологиялык жана адамзатка каршы көрүнүштөргө багыттоо мүмкүн эмес да. Бүгүнкү күндө алар дагы бир бүтүмгө келе элек. Ошондуктан, биздин балдарыбыздын келечеги үчүн, адеп-ахлак, кыргыз элинин салты үчүн Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча мыйзам чыгаруу базасын карап чыгууга милдеттүү.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок аларга Кыргызстандан эле операция жасалып жатат да. Андай операцияга мыйзам жол береби?

– Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында жынысты өзгөртүүгө макулдук берген атайын комиссия бар. Өкмөт бир колу менен макулдук берип, башка колу менен каршы чыккан убактар болот. Бул жерде эшек эти тууралуу ызы-чуу эске түшөт. Анда да Кытай менен эки тараптык макулдашуу бар деп айтышкан. Ал эми Бажы кодекси эшек этин ташып келүүгө жана ташып чыгарууга уруксат берет, ошону менен катар бажы төлөмдөрүнүн наркы да көрсөтүлгөн. Бирок, эшектерди экспорттоонун көлөмү расмий маалыматтардагыдан 6-7 эсе ашып кеткен. Бул нерсе да эшек этиндей болуп, элге аз санда жыныс өзгөртүү болуп жатканын айтып, чынында көп болбошу керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: