Быйыл июнь айында «Алан-Тоо жааматы» коомдук бирикмеси Кристенсен (TCF) фонду, Ди Каприонун (LDF) ак илбирсти колдоо фонду менен КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин колдоосу астында Нарын коругунан Аксы районундагы Авлетим токой чарбасынын Балтыркан коругуна 9 марал менен бугу көчүрүп барган.
Бул реинтродукциянын максаты – маралдардын санын көбөйтүү жана алардын жашаган аймактарын кеңейтүү болуп саналат. Бул тууралу КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдирет.
Азыркы учурда Балтыркан коругуна көчүрүлгөн 9 марал жаңы конуштарына тез эле көнүп кетишип, алардын ичинен экөөсү коңшу жайгашкан Сары-Челек биосфералык коругунун аймагына өтүп кетишкен. Алардын баары токой чарба кызматкерлеринин камкордугуна алынган.
Аксыдагы Балтыркан коругунун аймагы 504 гектарды түзөт жана чытырман токой каптап, деңиз денгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Бир тарабынан Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешип, маралдар үчүн абдан ыңгайлуу аймак болуп эсептелет.
Быйыл КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги маралдар үчүн кышкы тоют сатып алууга 107.000. сомго тендер жарыялады.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ