Menu

Жалгыз баласынан айрылган эненин зарын ким угат?

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Ысык-Көл облусунда таңга маал саат 4.30да ВМW Х7 менен Lexus ЕS 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде бараткан депутат Абжалиевдин уулу Темирлан Токобек менен дагы эки киши жаракат алган.

Бул кырсык боюнча автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы төрт айдан кийин чыгып, ВМW Х7 саатына 120 (негизги чындык 180ге чейин) чакырым ылдамдык менен жүрүп, кырсыкка себепкер болгону аныкталды. Бирок, аталган кырсыкта каза болгон Нурсултандын апасы Рахат Тойчиева бул чечим менен макул эмес, ВМW Х7 андан да катуу баратып сүзүшү мүмкүн экенин айтууда. Ал “Спутник Кыргызстан” агенттигине кайрылып, нааразычылыгын билдирген.

“Экспертизанын жыйынтыгына нааразымын, бул эч кандай чындыкка жатпайт. Булар саатына 120 чакырым ылдамдык менен жүргөнү үчүн айып пул эле төлөтүп коёюн деп атышат. Эгерде ылдамдыгы 180ден ашса кылмыш катары каралмак. Жолдошум өзү МАИде иштеп пенсияга чыккан, мыйзамдарды билет. Машина 15 см. эле мырыйды деп дагы калп айтышты. Видео, сүрөттө ал машинанын бери дегенде 50 см. мырыйып, ичке кирип кеткени даана көрүнүп турат”, — деп билдирген Тойчиева.

Маалыматка ылайык, экспертиза чыккандан кийин ВМW Х7 унаасын башкарып баратты делген Элдияр Халмурзаев 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Каракол шаардык соту баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарган. Эненин “Эгер менин балам ошол депутаттын уулун сүзгөндө дароо эле камалып кетмек» дегени да жөндүү го. Нурсултан Данияр уулу 1995-жылы Ош шаарында туулган. Быйыл Кыргыз улуттук университетинде юридика факультети боюнча магистратураны бүткөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын бири болгон. Азыр карындашы калды.

Ал эми ВМW унаасында ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу бараткан.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: