Menu

Сагындык Келдибаев, ЖКнын депутаты: “Мергенчилик Казакстанга агылып кетсе, бизге каражат түшпөй калат”

Бөлүшүү:

– Сагындык мырза, өкмөттүн кышка даярдыгы тууралуу маалыматын уктуңуздар. Даяр экенбизби?

– Кышка даярдык тууралуу маселени комитетте да караганбыз. Тийешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери чакырылып, аларга суроолорду бергенбиз. Өкмөт тараптан «кышка толук кандуу даярбыз, 1-ноябрдан тарта социалдык объектилерге: ооруканаларга, мектеп, бала бакчаларга жылуулук беребиз» деп сөз беришти. Маалыматтарына ишенсек, буюрса, кышта көйгөй болбойт, аман-эсен чыгабыз.

– Аңчылыкка он жыл мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоору депутаттар тараптан четке кагылды. Мында кандайдыр бир себептер барбы, же кызыкчылыктар роль ойнодубу?

– Мыйзам долбоорунун четке кагылышынын себеби бар. Казакстан буга чейин аңчылыкка мораторий киргизген. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, азыр алар ошол мораторийди алып салганы жатышат. Эгер биз мындай мыйзамды киргизсек, мергенчилик ошол жакка агылып кетет да, бизге каражат түшпөй калышы мүмкүн. Ушул гана ой болду.

– Кесиптешиңиз Жыргалбек Турускуловдун атылган кайберен менен түшкөн сүрөтү коомчулуктун сынына кабылууда. Бул боюнча эмне айта аласыз?

– Ал кишинин фотосуна комментарий бербей эле коёюнчу.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: