Menu

Ишенгүл Болжурова, мурдагы билим берүү жана илим министри: “Илим Карыпбековго нааразы болсом, Мирлан Самыйкожодон көптү үмүт кылам”

Бөлүшүү:

– Ишенгүл айым, билим берүү жана илим министрлигине карата сын-пикирлер абдан көп айтылып жатат. Жакында эле жараксыз окуу куралдарын чыгарып, казынага зыян келтиришти. Бир кездери бул кызматты сиз жетектеп иштедиңиз эле. Министрликтин азыркы ишине кандай баа бересиз?

– Билим берүү жана илим министрлиги чынында эле солгун иштеп жатат. Бир нече жылдан бери ишинде натыйжалуу жылыш жок. Жогорку окуу жайларын таптакыр эле карабай калышты. Орто мектептердеги билим берүү сапатын айтпай эле коёюн. Көп айылдарга барганда дароо эле билим системасынан кеп козгойм, сурайм, «силерде мамлекеттик стандарт барбы, окуу пландарыңар кандай, кайсы предметтерге канча саат берилет?» деген сыяктуу суроолорума жооп ала албайм. Анткени, көп директорлор өздөрү да билишпейт. Башкача айтканда, министрлик өз алдынча иштеп, облус, райондордогу билим берүү мекемелери өз казандарында өздөрү кайнап жатышат. Билим сапатына көзөмөл жок, жаңы китептер кандай жетип жатат, эл аралык коомчулук берген техникалар, китептер кандай бөлүштүрүлүп, кандай колдонулуп жатат, анализ жок. Мындан тышкары, талап, мамлекеттин көз карашы жетишсиз. Адистер чыгармачылык жактан аксашат.

– КТРКдагы жетекчи тандоо иш-аракеттерин кандай баалап жатасыз, саясатташып кеткен жокпу?

– Буга чейин КТРКны төрт жыл же тектеген Илим Карыпбековдун иштегенине мен өтө нааразымын. Анткени, коомдук каналды бийликтин каналы кылып салды. «Креатив» деп коюп, болбогон иштерди жасады. Коомдук канал элдин жакшы иштерин, эмгегин көргөзүп, бийликке эл үнүн жеткирүү милдетин аркалашы керек болсо, КТРК качан болбосун, «Сармерден», же дагы башка ырларды коюп калды. Ошондой кантип болсун?! Коомдук канал саясаттан да оолак болуп, идеологияны, мамлекеттин биримдигин кантип бекемдеп, түптөп, кандай көтөрүш керектигин көргөзүш керек.

Ал эми жетекчи дайындоо сөзсүз түрдө саясатташты. Талапкерлердин арасындагы мен баалаган жигит – Мирлан Самыйкожо оюндан четтеди. Бул да болсо жогору жактын белгиси болсо керек. Бул бала өтө таланттуу, келечегинен көптү үмүт кылам. Баарын көрүп туруп, «ушундай оюнга катышпайм» деген кадамы анын эрдик чечими болду да.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: