Menu

Фото – Сокулукта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арналган турак-үйдүн курулушу башталды. Төрага Дастанбек Жумабеков үйдүн пайдубалына капсула салды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курула турчу көп кабаттуу турак-үйдүн пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан эки жыл мурун Чүй облусундагы «Жаш майыптар» коому Төрага Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болуп, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн үй куруп берүү өтүнүчүн айтышкан. Төрага алардын абалы менен жеринде таанышып, маселени чечүүгө сөзсүз көмөктөшөөрүн убада кылган.

Ошол күндөн тартып Дастанбек Жумабеков кайрылууну көңүл сыртында калтырбай демөөрчүлөр менен сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада Кувейт мамлекетинин каржылоосунун аркасында кайрымдуулук иш чараларын жүргүзүп келген «Ассанабил» кайрымдуулук фонду «Жаш майыптар» коомуна колдоо көрсөтүүгө макулдугун берген.

Аталган коом жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүп, имарат салына турчу жер тилкесин алышкан. Эми ал жерге үч кабаттуу заманбап үй курулуп, муктаждыгы бар жарандарга берилет. Ошондой эле имараттын жер төлөөсүнө устакана жана кийим тигүүчү цех ачылмакчы.

Имараттын пайдубалына капсула салуу салтанатында сөз сүйлөгөн Төрага: “Кудай буюрса бул долбоор эң мыкты долбоор болот. Демөөрчүлүк көрсөткөн бир туугандарыбыз бир жылдын ичинде ишке киргизип беребиз деп жатышат. Бул жерде кол өнөрчүлүк менен алектенген жарандарыбыз дагы иштеп, кошумча киреше табат. Биз колдон келген аракетибиз менен жакшы шарттарды түзүп беребиз. Кайрылуубузду четке какпай, колдоого алган фонддун өкүлдөрүнө чоң ыраазычылык билдиребиз”, – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: