Юрий Дудь деген блогердин вДудь деген Youtube-каналы бар. Анын кинорежиссер, сценарист жана продюсер Тимур Бекмамбетовдон алган телемаеги чыкты. Анда Бекмамбетов Лос-Анжелестеги кеңсинде илинген кыргыз туш кийизин көрсөткөн.
“Мен бул килемди көп жыл мурун Казакстандан тапкам. Бир аял сайган экен, каяктан экенин деле билбейм. Казакстанда эле болсо керек”, – дейт Бекмамбетов.
Белгилей кетсек, бул килем эмес, а туш кийиз, аны кыргыздар менен казактар дубалга илип келишкен. Ал эми Бекмамбетов көрсөткөн туш кийизде кыргызча: “Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары бириккиле. Кыргыз ССР, 1964-жылы” – деп жазылып турат. Жогорку жагында Советтер Союзунун республикаларынын гербдеринин саймасы сайылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ