Menu

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Партиялардын санын күчкө салып азайтуу туура эмес”

Бөлүшүү:

Депутат Исхак Масалиев 9 пайыздык босого чек партиялардын санын күчкө салып азайтууга барабар экенин айтты. Эл өкүлү өз сөзүндө: “9 пайыз босогодо партиялар 180 миңден кем эмес добуш алыш керек. Өткөн шайлоодо – 180 миң добушту эки гана партия КСДП менен “Республика – Ата-Журт” алган. Мындан улам биз демилгечилер 9 деген санды 5ке түшүрүүнү сунуштап жатабыз. 7 пайыз деген дагы көптүк кылат. Акыркы шайлоодо 1 миллион 800 миң жаран добуш берсе, анын 1 миллиондон ашыгынын добушу менен депутаттар шайланып келген. Ошондо 600 миң, тагыраагы жарым миллиондон ашык шайлоочулардын үнү Жогорку Кеңешке жетпей калды. 9 пайызды киргизүү менен монополия кылууга аракеттер көрүлүп жатат. Эгер 9 пайыздык босого мыйзамдашып кетсе, бир-эки гана партия алмак-салмак өздөрүнчө бийлик алмашып турушат. Башкаларга жол жабылат” – деп белгиледи…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: