Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн эртең мененТашкентке учуп кеткен. Ал Ташкентте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолукту. Жолугушууга вице-премьер Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, жол жана транспорт министри Жанат Бейшенов, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдаралиев, тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Эрлан Үсөнбаев катышты.
Жолугушууда Абылгазиев Абдуллага Ооганстандагы Улуу Памир менен Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга берген жардамын колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жардам бул эки мамлекеттин байланышын, мамилесин чыңдоого болгон аракет экенин баса белгиледи.
Ал эми Абдулла Абдулла мындан ары да маданий, гуманитардык жактан кызматташууну чыңдоо зарыл экендигин айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ