Menu

“Курманжан Датка” менен “Достук” өз ээсин таппай кетти

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү президент көптөгөн адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Сыйлангандардын арасында татыктуусу да, татыксыздары да болду. Айрыкча Анвар Артыковго “Достук” орденин тапшырганы көпчүлүккө жакпады. Анвар аке кайсыл иши үчүн “Достук” орденине татыктуу болду? Эки элди же эки адамды достоштурдубу? Же кыргызга күйүп-бышып иштедиби? Качан болбосун шефтерге жагынайын деп аксакал башы менен өзүнөн кичүүлөргө каяша айтып жүрбөдүбү? Же президент Текебаев менен кармашып жаткан кезде парламенттен бир дагы депутат үн катпай олтурганда, Текебаевди капталдан качырганы үчүн сыйландыбы? Анвар Артыков алган “Достук” орденин өзбек-кыргыз алакасын жакшыртууга салым кошкондорго берсе болбойт беле? “Суу Кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда “Кумтөрдүн” ишин мыйзамдаштырып коёлу деп атабыз” деп элдин оозун ачырган Айтмамат Назаровго берилген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам татыктуу берилдиби? Айтмамат айыл чарбасында бир күн мыктылап иштеди бекен, мындай ардактуу наам алгыдай? Ал жалаң спирт ичимдиктери менен алектенип келген болсо, айыл чарбасындагы түйшүктү билеби? Назаровго берген наамды, айыл чарба академиясында 30-40 жыл иштеп, балдарды тарбиялап жүргөн бир мугалимге берсе жарашпайт беле. “Курманжан Датка” ордени БШКнын төрайымы Шайлдабекова Нуржанга ыйлап кетти. Шайлдабекова Курманжан Даткадай эли үчүн кызмат өтөдүбү? Бул орден менен президент немис канцлери Меркелди сыйлады эле. БШКнын төрайымынын деңгээли Меркел менен теңеле түштү.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: