Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ММКнын жетекчилери жана чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугушуп, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышты. Президент алгач ММК жетекчилерин алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Президент ММКлардын бардык суроосуна ачык-айкын жооп берди. Журналисттер каалаган суроосун берип, жооп ала алышты.
Президентке экс-президенттердин кол тийбестигин алынышы тууралуу да суроо узатылды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков: “Мен дагы өз келечегимди ойлошум керек, кийин да мага суроолор жаралбагыдай иштешим кажет. Кол тийбестик болсо президент кезиңде каалаганыңды калчоого жол ачат. Менин да үй-бүлөм бар, менден кийин да бирөө келет. Эми мен да туура эмес иш жасасам, тиешелүү жазаны алам. Ошондо гана өлкөдө тартип болот”, — деди.
Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча 13-июнда Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, алар «экс-президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал» деген корутунду чыгарган. Комиссия мындай корутундуну 20-июнда парламентке алып чыкканда, аны (алты депутаттан башка) депутаттар колдоп берген, Анан ал Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ал корутунду боюнча парламентке 25-июнда келип айтып, алты иштин бешөөндө кылмыш ишин козгоого негиз бар экенин билдирген. Ошентип. 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.
Атамбаевдин тарапташтары мындай чечимге нааразы болуп. Жогорку соттун Конституциялык палатасына арызданышкан. Андай арыз-өтүнүчтү депутаттар: М.Мадеминов, А.Кодуранова, И.Карамушкина, К.Орозова, А.Артыков, экс-депутат Н.Касымбеков жана юрист Н.Токтакунов берген. Алардын арызын 23-октябрда Конституциялык палата карап, судьялар«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ