Menu

Маевка айылы таза суу менен камсыз болду

Бөлүшүү:

Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бүгүн, 4-ноябрда анын ачылыш аземи болуп өттү. “Ас-салам” кайрымдуулук фонду атайын Түркиядан бургулоочу машина алып келип, 4 миллион 626 миң сомго, 330 метр тереңдиктен артезиан суусун чыгарып берди.

Ачылыш аземине “Таза суу” долбооруна демөөрчүлүк кылган “Ас- салам” кайрымдуулук фонддун президенти Нурмухамед Миңбаев, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов, Гидрожабдуунун директору Ергали Абдикаимов , Маевка айылынын айыл өкмөтү Руслан Алиев жана айылдын тургундары катышты. Ачылыш аземинде алгач гимн жаңырып, жетекчилер тарабынан жергиликтүү элге куттуктоолор айтылып, анан кызыл лента кесилип, таза суу ачылды. Лентаны демөөрчү Нурмухамед Миңбаев кесип, трубанын оозун ачкан соң журналисттерге азыноолак маек курду.

Суу бардык жашоонун башаты”,- дегендей, Кыргызстандыктар суудан кемибесин. Биз аталган долбоордун негизинде Маевка элине таза суу белек кылдык. Ушул кут болсун. Алдыда дагы таза суу менен камсыз боло турган айылдар бар. Буйруса, дагы кам көрөбүз. Биз Бишкекке эле эмес, жети облуска жардам беребиз. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылууну айтты эле. Ал боюнча долбоор түзүлүп, ошону ишке ашырууга ишкерлер киришкен. Биздин фонд дагы чет өлкөдөн инвесторлорду тартып, Кыргызстанды таза суу менен камсыздоого жардам берип келатабыз. Мамлекетбиздин өсүп-өнүгүп, ийгиликке жетишин каалайм”,-дейт Н.Миңбаев.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо учурунда (2017-жылы) Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылууга убада кылып, президенттик мөөнөтү бүткүчө аткарарын айткан жана айтып келүүдө.

Премьер-министр М.Абылгазиев да калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча ага тиешелүүжетекчилерди чогултуп, жыйындарды байма-бай өткөрүп, долбоорду тезинен ишке ашырууну айтып келет.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда таза суу жетпей жаткан 1800 айыл бар. 2019-жылы суу жеткирүү боюнча 57 айылга пландалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: