Улуттук банкы бүгүнтөн баштап «Кыргыз каганатынын доору» аттуу коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Улуттук банктын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, «Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган. Күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болуп чыгарылып, тыйындын баасы 2650 сом, ал эми жез-никель монетасы 380 сом турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ