Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган Батма Маматкалыева изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Батма Маматкалыева 8-октябрда Аламүдүн районундагы Октябрь айылынын Герцен көчөсүнөн чыгып кеткенден бери дайынсыз.
Анын бою: 160-165 сантиметр, күрөң түстөгү узун чачы бар, далысынан ашат. Кийген кийими: боз туника жана үйгө кийилүүчү бут кийим.
Ким кайсы жерден көрсө, төмөнкү телефонго чалып коюңуздар: 0(709) 94-84-34, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102 номуруна чалса болот.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ