6-ноябрда Өкмөт үйүндө аткаминер айым Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна кандай даярдык жүрүп жатканы боюнча атайын жыйын өткөрдү.
Футбол федерациясынын өкүлдөрү даярдык жөнүндө маалымат берип, Кыргызстан-Мьянма беттешинде талаага чуркап чыккан күйөрмандын айынан FIFAнын дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатышканын айтып берди. Ошондон улам Бишкектеги стадиондун айланасында, ичинде коомдук тартипти сактоо, автоунаа кыймылын уюшутуруу маселелери каралды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова соңку кездери футболчулар элди сүйүнтүп келатканын айтып, оюнчуларды да, футбол талаасын да мыкты даярдоо, өзгөчө коопсуздукка көп көңүл буруу керектигин айтты.
Эскерте кетсек, Кыргызстан F тайпасында Жапония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма менен бир келип, тайпадан чыгуу аракетин көрүүдө.
9-ноябрда Ташкент шаарында Өзбекстан менен жолдоштук беттешүү өткөрөт.
Ал эми 14-ноябрда Бишкекте Жапонияны, 19-ноябрда Тажикстанды кабыл алат.
Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтмөкчү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ