Эртең, 7-ноябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу Бишкекте саат 9.30-18.00го чейин «Учкун-2» конушунда, «Учкун» (Чымындык, Путейская, Миң-Булак, Огонбаев, Чүй проспектиси) саат 9.30-17.00 электр жарыгы өчүрүлөт. Чүй облусунда таңкы саат 8.00дон башталып, кечки саат 18.00го чейин Алмалуу айылындагы (Түлөбердиев көчөсұндө электр жарыгы болбойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ