Американын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 13-ноябрда жолугаары, Эрдоганды Трамп Вашингтонго чакырганы бүгүн маалым болду. Мындай маалыматты Түркиянын президентинин кеңсеси да ырастады.
Трамп “Твиттердеги” баракчасына мындай кабарды өзү да жазып чыкты. Ал Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөнүн, экөөнүн сүйлөшүүсү жакшы болгонун жана аны “чыдамсыздык менен” күтүп жатканын жазды. Трамп телефондон Эрдоган менен эмнени сұйлөшкөнүн да жашырган жок. Ал Сирия-Түркия чек арасындагы соңку жагдайды, террорчулукка каршы күрөш, күрд кошуундарына каршы жортуулду токтотуу жана башка бир топ маселелер тууралуу пикир алышканын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ