Приморьедеги сафари-паркта Амур деген жолборс менен “достошуп”, 2015-жылдан бери чогуу жашап келген Тимур деген теке жан берди. Бул тууралуу 7-ноябрда анын милдетин алган волонтер Элвира Головина РИА Новостиге билдирди.
“Чындап эле Тимурдун жашоо милдетин мен алгам, ал 2019-жылдын 5-ноябрында өз ажалы менен арабыздан кетти. Чоң жоопкерчилик менен айта алам, Тимур эң сонун шартта жашады. Анын ден-соолугун жеке врачы Даниил, сафари-парктын врачтары Олег менен Алексей карап келди. Анын сөөгүн чоң сыймыктануу менен жерге беребиз. Кийин колодон эстелик тургузулат”, – дейт Головина.
2015-жылы Тимур теке менен Амур жолборстун достугун бүткүл дүйнө тааныган. Эчкини эт катары жолборстун торуна киргизишкенде, жырткыч кол салбай, Тимур каршылык көрсөткөн. Атүгүл жолборстун ордун ээлеп алып, Амур жаткан жайынын чатырына уктап калган. Түнкүсүн экөө эки башка жатканы менен, күндүз темир тордун ары жагында эгиз козулардай ээрчишип жүрүшчү. YouTube каналында эң атактуу “үй-бүлөгө” айланып, миллиондогон көрүүчүлөрү бар эле.
Головина бул жаныбарлардын достугун угуп, атайын Москвадан Приморьеге барып, Тимурга көз салып жүрчү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ