Menu

Алмазбек Атамбаевдин түрмөдөгү жашоосу кандай?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Альфия Самигуллина камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыгышты. Карамушкина Атамбаев менен 4-ноябрда жолугушканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эл өкүлү Атамбаев абакта китеп окуп, спорт залга барып жатканын жазган. Карамушкинанын жазганына караганда, Атамбаев № 1 тергөө абагында жаткан тарапташтарына кабатыр болуп, “укук коргоо органдары эгерде өзүнүн күнөөсүн далилдей алса отурууга даяр экенин, бирок балдарды коё бериши зарылдыгын, алар экс-президентти мыйзамсыздыктан гана коргошконун” айткан.

Ошондой эле Карамушкина Атамбаев “Жээнбековдорду кечирүүгө даярмын” дегендей ойду айтканын жазды.

7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Кой-Ташта күч органдарынын бир кызматкери окко учуп, дагы бир тобу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган. Мындан кийин Атамбаев камакка алынып, азыр анын жакындарына тиешелүү мүлктөрү текшерилүүдө.

Атамбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ага бир нече оор беренелер менен айып тагылууда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: