Menu

Түркияда Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаева эскерилди

Бөлүшүү:

Түркия мамлекетинин Анкара шаарында атактуу артисттер Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыгына арналган кече кечээ, 7-ноябрда болуп өттү. Бул тууралуу Түркиянын ММКлары жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, маданий кече ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган. Ага Анкара искусство университетинин жалпы жамааты менен студенттер катышкан. Алар эки залкар таланттын өмүр баянын жана чыгармачылыгын айтып беришкен. Кече Төлөмүш Океевдин эки артист тартылган «Кызыл алма» аттуу тасма менен аяктаган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бардык аймагында КРнын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган иш чара өтүүдө. Кечээ, 7-ноябрда Улуттук көркөм өнөр музейинде көргөзмө ачылды. Буга чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган “Эсимде” аттуу көргөзмөсү алардын баласы Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен 15-октябрда ачылган. 10-ноябрга чейин көргөзмө уланууда. 30-октябрда Сүймөнкул Чокморовдун музейинде “Сүймөнкул Чокморов” аттуу үч (кыргыз, орус, англис) тилде китептин бет ачары болгон. 17-ноябрда – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Дал ошол күнү жаңы айкели да тургузулат.

«Эң мыкты эркек актёр» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. Ал 1992-жылы 53 жашында каза болгон. Сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан.

Ал эми Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Ал 30дан ашуун эстен кеткис образдарды жараткан. Кыргыздын ажайып сулуу кызы, таланттуу актрисанын көзү тирүү болгондо быйыл 12-июлда 75 жыл толмок экен. 37 жашында дүйнө салган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: