Menu

Усупбий Шеримбаев, “Айкөл Таза Коом” коомдук бирикмесинин мүчөсү: “Карамушкина Атамбаевди чөнтөгүнөн акча чыгарып, бизге үй салып бергендей айтыптыр…”

Бөлүшүү:

Кыргыз тилине душмандык кылып, чет өлкөлөрдө кыргыздын калпагын шылдыңдап жүргөн Ирина Карамушкина эски илдети менен Фейсбук тармагындагы баракчасына Апрель баатырларына шек келтирген билдирүү жазып, акылга сыйбаган дооматын артыптыр. Тактап айтсак, Карамушкина: «Эмнеге 2010-жылдын 7-апрелиндеги чыныгы баатырлар унчукпай отурат? Эмнеге силердин Алмаз Атамбаевди коргогон үнүңөрдү укпай жатабыз? Ал силерге аз жардам берди беле? Апрелчилер Атамбаевге карызсыңар…»-деп боорду эзиптир. Кызыгы, сөз арасында Карамушкина Апрель баатырларына берилген батирлерди тизмектеп, борбор калаадагы бир көчөнүн аты Апрель баатырларына ыйгарылганын айтып, мечит курулганын да эске салып, мунун баары Атамбаевдин жеке эмгеги менен жасалды дегендей түшүнүктү таңуулаганга аракеттениптир. Биринчиден, Апрель баатырларына батирлер мамлекеттин, тактап айтканда, элдин эсебинен берилген, муну Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсү, Отунбаева, Атамбаев, Текебаев ж.б. болобу менчиктештирип, өзүнө ыйгарып алганга акысы жок. Экинчиси, көчөнүн аты Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен кабыл алынган, тактап айтканда, бир киши эмес, ондогон депутаттардын макулдугу менен ишке ашкан. Муну да жалгыз адам менчиктештиргени туура эмес. Биз мунун чоо-жайын тереңирээк тактоо үчүн «Айкөл Таза Коом» коомдук бирикмесинин мүчөсү Усупбий Шеримбаевге собол салдык.

—Усупбий мырза, Ирина Карамушкинанын Апрель баатырларына арткан дооматы жөндүүбү? 

—Депутат Ирина Карамушкинанын: «Алмазбек Атамбаев апрель баатырларына батирлерди берди. Апрелчилер Атамбаевге карызсыңар» деп дөөрүгөнү акылга сыйбаган жалаа, курулай айтылган доомат деп эсептейбиз. Анткени, Атамбаев бизге батирлерди өзүнүн акчасына салып берген эмес. Мамлекеттин эсебинен, кыргыз элинин салыгынын эсебинен салынган. Мындайча айтканда, Апрель баатырларына үйдү жалгыз Атамбаев же Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү эмес, жалпы кыргыз элинин эсебинен салынып берилген. Революциядан кийин бийликке Атамбаев эмес, көчөдө жүргөн башка бирөө келсе да, Апрель баатырларына таазим кылып, батирлерди бермек. Экинчиден, биз 7-апрелде Атамбаев үчүн чыккан жокпуз, үй-бүлөлүк кланды талкалайлы, канкор бийликтен элди, жерди сактап калалы деп чыкканбыз. Жүрөктө кыргыз жерин, элин сактоо болгон. Атамбаев же башкасы бийликке келсин деп чыккан эмеспиз.

—Атамбаев Апрелдеги баатырлардын атын жамынган айрым бир адамдарды чүлүктөп келген да, алар кандай ойдо?

—Биз Карамушкинанын посту чыгары менен тийиштүү жообун бергенбиз, көп өтпөй «Баатырлардын үмүтү» деген коомдук бирикме бизге каяша кылганга аракеттениптир. Билдирүүсүндө «Атамбаев үчүн эмес, эл үчүн чыкканбыз»- деп жазып, бирок аягында кыйшайыптыр. Эми М.Мискенбаев менен А.Жамгырчиев аралашкан жерде чөп чыкпайт да. Алар учурунда Апрель баатырлары үчүн бекер көмүр берилгенде сатып, акчасын чөнтөктөрүнө салып алышкан. Аны билгенден кийин биз Ф.Ниязовго, А. Атамбаевге даттансак, укпай коюшту. Финполго баргыла деп алдап, ал жактагы тергөөчүлөр: «Өйдө жактан тапшырма берилди»-деп, карабай койду. Айлабыз кеткенде биз Мискенбаевдерге каршы чыгып, «Айкөл Таза Коом» деп, «Айкөл Ала Тоодон» бөлүнүп кеткенбиз.

—Атамбаевдин учурунда жакшы эле жардам болгондур?

—Атамбаевдин учурунда биз каралбай калганбыз. Медициналык жардам, путевка бизге берилбей калган. Барсак «Айкөл Ала Тоо» эмессиңер, силерди кабыл албайбыз, президенттик аппараттан ошондой тапшырма берилген»- дейт.

—Бүгүнкү абал кандай, бийлик көз салып жатабы?

—Атамбаевдин учуруна караганда азыр Кудайга шүгүр, чоң жардам дар болуп жатат. Восток Алманбетов байкебиздин кызына опперация жасоо үчүн Сооронбай Жээнбеков президенттик фонддон 280 миң сом бөлүп берди. Ушул иш боюнча 8 жыл бою Атамбаевге тынбай арыз жаздык, бир карап койгон жок. Сооронбай Шарипович президент болору менен жаздык, 1 айга жеткирбей чечип берди. Ошондой эле, Мамкомиссиядан акча бөлүнөрү менен муктаж болгондорго тегиз берилип жатат. Кудай буюрса, жакында 96 кишиге бөлүнөт. Атамбавдин убагында Фарид өзүнүн кишилерине гана, Мискенбаевдерге акчасын таратып берчи, бизге жетчү эмес. Апрель деген фонд түзүшүп, Фарид Ниязовду жетекчи, Мискенбаевди орун басар кылып коюшкан. Алар Атамбаевди колдогондорго, мактагандарга гана жардам берип келди. Азыр баарына тегиз каралып жатат. Атамбаевдин учурунда аны колдогон топторго да жардам берилгени жашыруун эмес. Ага салыштырмалуу, «Мен Апрель баатырларын бөлбөйм, мен үчүн бүт баарыңар бирдейсиңер» деген сөзү менен Президент Сооронбай Шарипович өз милдетин аткарып жатат.

—Атамбаевдин учурунда эмнеге «жарыла» алган жоксуздар?

—Атамбаев бизге: «Мен президенттиктен кетээрде силерге статус берем, жок дегенде ай сайын 10 миң сомдон аласыңар» деп сөз берген, ага ылайык, 7-апрелде жаракат алгандарга жөлөкпул сыяктуу компенсация төлөнүп берилмек. Биз ошону 2017-жылдын аягына чейин күттүк. Бирок, аягында аткарбай койду. Аялына, өзүнө медаль алып кетип калды. «Атамбаевди канча колдоп жүрдүк, алдамчы турбайбы»-деп, баары нааразы болду. Андан кийин Атамбаевдин жанында жүргөн кишилер коррупцияга аралашканы ачыкка чыкты. Жерге түкүрдүк. Биз таза кишини колдойбуз. Азыр Сооронбай Шарипович Кыргызстанды көтөргөнгө аракет кылып жатат, биз жардам беребиз. Апрель окуясында 87 бала шейит кеткен, 9 жылдын ичинде жаракат алган 50гө чукул киши көз жумду. Биз Атамбаев Кыргызстанды көтөрөт, жемкорлукту тыят, ууруларды кубалайт деген ишеним менен 7 жыл күтүп отурдук. Көрсө, ал тегерегине жалаң ууруларды чогултуп алып өлкөнү тоноп, мамлекетти карызга батырыптыр. Апрель баатырларынын арты менен бийликке жеткен Атамбаев алкымын тыйбай, шопуру, катчысы, кампачысы, жан сакчылары менен биригип алып мамлекетти тоноптур. Анан биз ууруларды топтоп, өлкөнү тоногон адамды не үчүн колдошубуз керек? Апрель баатырларынын арбагын сыйлабай туруп уурулук кылган, мамлекетти карызга батырган адамды колдогондун өзү туурабы?

Памир Манас

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: