Menu

Премьер-министр турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндөгү бузуулар тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Маалыматтарда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү аспектилеринен тышкары буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин протоколуна кол коюу менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамын бузганы көрсөтүлөт.

2019-жылдын 18-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министриндеги «Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө» кеңешменин протоколу жөнүндө сөз болуп жатат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын катуу сактоо менен даярдалган.

Документте жазылган протоколдук тапшырмаларды чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишүүсү катары түшүндүрүүгө болбойт, анткени алар сунуштоо мүнөзүнө ээ, буга «макулдашуу боюнча» жазуусу күбө. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бул протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө орун алат делген бузууларга тийиштүү белгилеп кетсек, компания жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ачык, анын өкүлдөрү бардык кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: