Menu

Бий алманын пайдасын билесизби?

Бөлүшүү:

Бий алманын пайдалуу касиеттери жөнүндө кеп кылчу болсок, элдик медицина эске түшөт. Анын мөмөсү боор, ашказан, көк боор, радикулит жана ревматизм ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Бий алманын курамында картаюунун алдын алуучу заттар, стресс менен күрөшуүдө чоң мааниге ээ антиоксиданттар бар. Пектин жана тамак-аш булалары организмди оор металлдардан жана зыяндуу заттардан, ашыкча холестеринден арылтат. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бий алманын курамында С, Е, Вб, Р (биофлавоноиддер), В5, каротин, В2 (рибофлавин), РР (никотин кычкылы), В1 (тиамин), кальций, темир, калии, фосфор, жез, марганец, магний минералдары бар.

Бий алманын маңызынан тышкары анын данектери дагы баалуу. Данегинде темир, глицерин жана боегуч заттар бар. Данегин кайнатып ич жумшартуучу каражат, жөтөлгө каршы кайнатма иретинде да колдонушат. Ал терини жумшарткандыктан, косметологияда дагы колдонулат. Бий алманын ширеси иммунитетти көтөрүп, заара кубалоочу касиетке ээ. Илгери аны менен төрөбөгөн аялдарды дарылашкан. Мындан тышкары ширеси ууланган учурда, ич ооруларында пайдасы чоң. Алманын, шабдалынын, ашкабактын, банандын ширеси менен аралаштырып ичсе болот. Маңызы менен ширесин холестерин көбөйгөн учурда кунүнө кабылдап турса, натыйжасы жакшы болот. Мындан тышкары бий алма аялдардын кан кетүүсүндө, бронхиалдык астмада, кусууну токтотууда пайдалуу.

Бий алма компоту витаминдердин булагы. Ал иммунитетти бекемдеп, шамалдаганда дарылоочу касиетке ээ. Анемияда бий алманын сиробунун таасири жакшы. Ал үчүн бий алманы бөлүкчөлөргө кесип, суу куюп, жумшарганча кайнатып, анан ширесин сүзүп алып, кумшекерден бир аз кошуп коюуланганча кайнатуу зарыл.

Ал эми бий алманын уругу мигдалин затын камтыгандыктан, колдонуудан мурун уруктарын тазалап алган жакшы.

Бий алманын пайдалуулугун арттыруу үчүн атайын эрежелерди кармануу керек. Биринчиден, бактан жулунган бий алманы даамына чыгышы үчүн 2-3 жума сактоо керек. Бул убакыт аралыгында жемиш жумшай түшөт. Тандоого келсек, ири көлөмдөгү сары түстүү бий алмаларды тандоо ийгиликтүү болот. Экинчиден, бий алма өтө назик болгондуктан, урунууларга жол бербөө үчүн, өзүнчө идиште же болбосо баштыкта кармаган талапка ылайык болот. Муздаткычта сактоо мөөнөтү 2 ай.

Кимдерге сунушталбайт?

—Аллергия менен ооругандар;

—Ич катуу өнөкөтү менен жабыркагандарга бий алманы жегенге болбойт;

—Плеврит дарты;

—Энтероколит дарты;

—Ашказан жарасы барларга сунушталбайт.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: