Menu

Жапония футболчулары түндө Кыргызстанга келишти

Бөлүшүү:

Жапониянын футбол боюнча курама командасынын өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Футбол федерациясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Жапониянын машыктыруучу менен медициналык штабы, административдик кызматкерлер, улуттук чемпионаттын катышуучулары  жана оюнчулары түндө «Манас» эл аралык аба майданына Делиден чартердик каттам менен учуп келишкен. Бүгүн Жапониянын улуттук курама командасы өзүнүн алгачкы машыгуусун «Дордой» спорттук комплексинде өткөрөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын курама командасы 14-ноябрда Жапония менен, 19-ноябрда Тажикстан менен беттешет.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтмөкчү. 6-ноябрда Өкмөттө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова КРнын футбол боюнча курама командасы 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна кандай даярдык жүрүп жатканы боюнча атайын жыйын өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: