7-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылында ат спорт оюндары болуп, ага жергиликтүү кара баатыр уруусунун өкүлү демөөрчүлүк кылды. Аламан байгеде он чакты улакчы катышып, ар бири өзү үчүн күрөштү. Мелдеш алдында улакчыларга 120 кг торпокту ат үстүнөн жерден көтөртүштү. Аны эки улакчы гана көтөрө алган. Каракулжалык улакчы Жаныш Мамарасул уулунан башка мынча салмакты эч ким жерден алган эмес. Манас көтөргөнү менен, такымына кысалбады, торпок айланып туруп алганы менен, калыстар бул аракетин “көтөрдү” кылып эсептешти. Оюндун уюштуруучу Курстан Манас Ниязовго бир тай жана 100 доллар берди. Видео: https://bulbul.kg/video:65017
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ