Menu

Видео – Ошто мас абалда сот отурумуна катышкан прокурор терезеден секирип качып кеткен

Бөлүшүү:

12-декабрда Ошто мас абалында соттук отурумга мас абалында катышып, өкүм чыккандан кийин соттун бөлмөсүнүн терезесинен качып кеткен прокурордун видеотасмасы тарады. Бул тууралуу видеону Facebook социалдык тармагындагы баракчасына Венера Касымова аттуу жаран жарыялаган.

“Курманкул Зулушев, сиз эмнени карап жүрөсүз. Сиздин мас прокурорлоруңуз адамдардын тагдырын чечишет! Судья прокурорго терезеден качып кетүүгө дагы уруксат берди” –  деп жазган ал.

Видеотасмада аял кишинин прокурорго кайрылып “Мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби, сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албайсың, керектүү кызматтарга кайрылам” деп кыйкырып, ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Кийин ал соттун бөлмөсүнө кирип, видеонун авторунун айтымында, терезеден качып кеткен.

Белгилей кетсек, ММКлар тараткан маалыматтарга караганда, терезеден секирип качып кеткен прокурор Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Союзбек Сарыков болушу мүмкүн. Интернеттеги ачык булактарга ылайык, Союзбек Сарыков мурун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук прокуратураларында иштеген.

.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: