Бүгүн, 11-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 149 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 6-ноябрдагы ПЖ № 150 Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Нарын облустук сотуна Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна, Талас облустук сотуна Ибраимов Бакыт Молдозакович, Кенжеев Марсель Майрамбекович, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна Сатарбек уулу Мирбек, Ош облусунун Алай райондук сотуна Кожомкулов Алайбек Рамазанович, Ош облусунун Араван райондук сотуна Бакалбаев Тилек Калмаматович, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна Базарбаев Канатбек Туратбекович, Ош облусунун Ноокат райондук сотуна Абдираев Азамат Парпиевич, Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна Раимкулов Эрмек Раимкулович жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ