ЖАМКнын жетекчиси Мелис Турганбаевдин сүрөтү менен чапталган спирт ичимдиги чыгыптыр. Ал сүрөттү соцтармактын колдонуучусу Улукбек Камчыбеков “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырып, алдына мындай пост калтырды.
“Пиар менен понттун дагы чеги болот! Турганбаев Мелис өзүнө арнаткан арагынын маанисин такыр түшүнө албай койдум! Ал түштө СПОРТсмен, түндө СПИРТсменби?,-деп жазды У.Камчыбеков.
Эске сала кетсек, күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев барып, катышып, дүйнө чемпиону болгон. Ал Кыргызстанга кайтканда жолдон айылдаш, жердештери тосуп алышкан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ