ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 5100 кг жумушчу колкап кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-январь күнү билдирди.
Алардын айтымында, “Нарын” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Торугарт” өткөрмө пунктунда Кытайдан келген жүк ташуучу автоунааны текшерген учурда бажылык декларациядан өткөрүлбөгөн 170 кап, жалпы салмагы 5100 кг болгон 102 000 даана жумушчу колкап табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ