Г.Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде 13-ноябрда “Балдар укугу жөнүндө” БУУ Конвенциясынын 30 жылдыгына жана бул документке Кыргызстандын кошулганына 25 жыл болгонуна байланыштуу көргөзмө өтмөкчү.
12-ноябрда музей кызматкерлери билдиргендей, фонддогу советтик жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн: С.А.Чуйковдун, Г.Айтиевдин, Л.А.Ильинанын, Д.Жумабаевдин, А.Бейшеновдун, А.Асранкуловдун, Н.Иманалиеванын, Е.Кузовкиндин, А.Осташевдин, Т.Курмановдун, Р.Жангарачеванын жана башкалардын 90дон ашык эмгектери коюлат.
Көргөзмөгө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жолым катышат. Көргөзмө 1-декабрга чейин уланат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ