Кыргызстанда 2019-жылдын 1-октябрына карата Вич-инфекция дартына чалдыккан 8 919 киши катталган. Бул тууралуу 12-ноябрда “СПИД” республикалык борборунун басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылы инфекцияны жуктуруп алуу негизинен жыныстык катнаштан келип чыккан – 370 киши (65,3%). 10 жыл мурун жыныстык катнаштан жугуу – 28 %ды (144 кишини) түзчү.
Быйыл он айдын ичинде 567 кишиден СПИД дарты табылып олтурат. Негизинен 20-39 жаштагылар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ