Menu

Кошуналар менен чек араны тактоо тездетилет!

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы эң негизги маселелердин бири бул – чек аралардын юридикалык жактан жол-жобосу бүтпөй жаткандыгы деди. Бул тууралуу өлкө башчы 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада айтты.

– Чек арадагы туруктуулукту сактоо – чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жагымдуу шарт түзөт. Коңшу мамлекеттер менен болгон чек араны тактоо жана аны юридикалык жактан жол-жоболоштуруу процессин тездетүүгө умтулабыз.

Жээнбеков чек ара маселеси бир жаңсыл болуп чечилсе мамлекеттердин экономикалык дараметин толук пайдаланууга жана өз ара кызматташуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

16-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Учурда эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын ортосунда чек арадагы такталбаган тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек.

Бирок чек араны тактоо процесси канчалык кечиккеи сайын, Кыргызстан ошончолук утулуп калууда. Анткени саны жагынан үстөмдүк кылган кошуналар биздин бош калган жерлерибизди “тактала элек аймак…” деген шылтоо менен ээлеп алышууда.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: