Menu

Балыкчыда УКТнын мүчөсү жана анын шериги аялды “өлтүрөм” деп коркутуп, үйүнөн 406 миң сомун карактап кетишкен

Бөлүшүү:

Балыкчыда жергиликтүү тургунду тоноого шектелген 25 жана 37 жаштагы эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, 9-сентябрда белгисиз адамдар аялдын үйүнө келип, аны өлтүрөм деп коркутушкан. Шектүүлөр анын үйүн тинтип, 406 миң сомун алып, качып кетишкен.

Милиция тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалып, алар Ички иштер министрлиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Балыкчы шаарынын 25 жаштагы тургуну М.Н., жана Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын 37 жаштагы тургуну С.А. экени аныкталды. Алар эки айга камакка алынды.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Турак жайга кирүү менен урдоо” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: