Menu

Автоунааларга карата бажы салыгынын азыркы баасы көйгөйдө

Бөлүшүү:

Москва өтө турган Евразия Экономикалык комиссиясынын жыйынында үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Тоуоtа Саmrу» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Эгер ЕАЭБ Кыргызстандын бул өтүнүчүн четке кага турган болсо, анда азыркы Япония, Германия, АКШ жана башка чет мамлекеттерден дээрлик өз баасында же андан да арзан (бизге колдонулган автомашиналар ташылат) жана сапаттуу авто унаалардын бажы төлөмү өз баасынан да кымбаттап, Россиянын “Жигули”, “Москвичине” күнүбүз түшөбү?

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: